Катыштык шайлоо тутуму (өкүлчүлүктүн пропорциоалдык тутуму)wevd
Катыштык шайлоо тутуму (өкүлчүлүктүн пропорциоалдык тутуму) – өкүлчүлүктүү органга өздөрүнүн талапкерлерин койгондо, мандат партиялардын ортосунда алар алган добуштардын санына ылайык бөлүштүрүлүүчү шайлоолордун жыйынтыгын аныктоо тартиби. К. ш.т-нда арбир партия өз талапкерлеринин тизмесин жылдыруучу чоң шайлоо округдары түзүлөт, ал эми шайлоочу тийиштүү партиянын тизмеси үчүн добуш берет. Мындан сыркары, бир депутаттык мандаты алуу үчүн зарыл болгон эң аз добуштун чеги белгиленет. Мандаттарды партиянын ичинде бөлүштүрүү, эреже катары, талапкерлердин тизмеде жайгашкан тартибине жараша ишке ашырылат. К.ш.т. бүтүндөй парламенттин шайлоодо (Дания, Португалия, Люксембург, Латвия), же болбосо төмөнкү палатаны шайлоодо ганан (Австралия, Австрия, Бельгия, Польша, Бразилия), же болбосо төмөнкү палата курамынын1/2ин (ГФР, ошондой эле РФдеги 1993-жылдын 12-декабрындагы шайлоолордогудай) шайлоодо колдонулат.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7